Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиктин жетекчиси Мухамед Эл Барадеи Иран менен Евробиримдиктин 3 өлкөсү ортосунда Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу келишимге жетишилгенин оптимисттик түрдө кабыл алганын билдирип, бул маалымат тастыкталууга тийиш деп кошумчалады. Агенттик 25-ноябрга дейре Иран уран байытууну токтотуп, өзүнүн атомдук программасы тууралуу толук маалымат бербесе, өлкөгө каршы санкция киргизүү сунушталат деп эскерткен эле.
Сиднейдеги маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Эл-Барадеи Германия, Британия, Франция жана Ирандын өкүлдөрү өткөргөн эки күндүк жолугушууда орток пикирге жетишилгенин айтып:
- Мендеги маалыматка ылайык, бул келишим бышыкталууга тийиш. Тараптар бир нече күндөн кийин кайрадан чогулганда, макулдашууга биротоло жетишилет деп үмүттөнөм. Бул – туура багыттагы кадам болмокчу - деп билдирди Барадеи.
Евобиримдиктин дипломатиялык булактары ырастагандай, Париждеги сүйлөшүүлөрдө Иран тынчтык максаттарын көздөбөгөн бардык өзөктүк иш-аракеттеринен баш тартса, ага экономикалык, технологиялык жардам берилет деген сунуш киргизилди. Соңку чечим кабыл алынмайынча, Тегеран өзөктүк отун байытуу процессин токтотото турушу керек.
Эл Барадеинин айтымында, ортодогу ишеним маанайын арттыруу үчүн Тегеран Уран байытуу жараянынан убактылуу баш тартууга тийиш:
- Мен Ирандык кесиптештериме кайталап келатам – диалог башаташ үчүн айкындык абдан маанилүү.
Женевалык эксперт Мухамед-Реза Джалили келишим жөнүндөгү кабар тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр дагы эле мүмкүн дегенди туюндурат деп эсептейт:
- Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурабастан уланып жаткандыгына, тараптар бул иштин өтөлүнө чыгууга даяр экенине күбө болдук. Иран Коопсуздук кеңешинин санкцияларына кабылбаш үчүн болгон аракетин жумшап жаткансыйт. Ошол эле мезгилде уран байытуудан баш тартпастан, аны убактылуу токтотууну жөнүндө макулдашкысы келет. Менимче, европалыктар да диалогду уланта берүүнү каалашат. 25-ноябрга чейин конкреттүү кадамдарды күтсөк болот деп ойлойм.
АКШ Иранды өзөктүк курал чыгаруунун үстүнөн тымызын иштеп жатат деп күнөөлөп, анын иши эларалык агенттиктин 25-ноябрдагы жыйынында БУУнун Кооспуздук кеңешинин кароосуна тапшырылсын деген турумду ээлеп келатат.
Тегеран болсо мындай айыптоолорду четке кагып, өлкөнүн атомдук программасы тынчтык максаттарды көздөйт деп ырастоодо.