Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган Жорж Буш бейшемби күнү Вашингтондо пресс-конференция өткөрүп, өлкөнүн келечектеги тышкы жана ички саясаты жөнүндө кеңири маалымат берди.
Жорж Буштун айтымында, анын экинчи мөөнөткө президент болуп шайлануусу жарандар ал жетектеген администрациянын тышкы жана ички саясатына ишеним көрсөткөнүн тастыктады. Президент алдыга койгон максатын ишке ашырыш максатында эми мурдагыдан чечкиндүүрөөк аракет кыла тургандыгын айтты:
-Мен бул шайлоо кампаниясынын учурунда өзүмө бир топ саясий капитал топтодум, эми аны пайдаланмакчымын.
2000-жылы өткөн шайлоодо Бушка көбүрөөк шайлоочу добуш бергени менен, аны колдогон жарандардын саны атаандашы Альберт Гордукуна караганда жарым миллионго азыраак болгон эле. Өткөн шайлоодо орун алган бул жагдайды эскерип, Буш бул жолу аны колдогондордун саны Массачусетстик сенатор Жон Керриникине караганда 3,5 миллионго көбүрөөк болгонун ынануу менен айтып өттү. Ошону менен бирге эле Буш демократтар менен чогуу иштешүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталады:
-Шайлоо өткөндөн кийин кеңешип-танашып чогуу- чаран иштөөгө ниет болот деген ойдомун. Мен Вашингтонго биринчи ирет келгенден баштап эле ушундай маанай өкүм сүргөн. Демократтар жана Республикалыктардын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруусунун арты менен көп иштин өтөлүнө чыктык,-деп агынан жарылды президент.
Ирак саясатына токтолуп Буш азыркы башкы максат бул өлкөдө келерки жылдын январь айына белгиленген шайлоону өткөрүү экенин бышыктады. Ошону менен бирге эле Иракка согуш ачуу Американын дүйнөдөгү кадыр-баркын төмөндөтүп жибергинен мойнуна алып, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн өтө кыйын болгонун жана мындай чечим баардык эле жерде кубаттого арзыбаганын түшүнүп турганын кошумчалады:
-Бул согуш баардык эле өлкөлөр үчүн маанилүү болду. Өткөн чактагы пикир келишпестиктерге карабастан баардыгыбыздын душманыбыз - бир. Ошон үчүн алдыбызда турган ишибиз да орток. Биздин максат: элибизди коргоо, ооруларга каршы күрөшүү, ачарчылык менен жакырдык деген жоого каршы чара көрүү.
Ички саясатка токтолуп, президент Буш салык федералдык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ниети бар экенин баяндады. Өндүрүшкө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Буштун администрациясы федералдык салыктарды буга чейин эле үч жолу кыскартты.
Ошону менен катар эле Буш калкты социалдык жактан камсыз кылуу тармагындагы реформаларды илгерилетүүнү пландаштырууда. Мындан мурда президент жумушчулар менен кызматкерлерге социалдык камсыздоого кетчү акчаларынын бир бөлүгүн алып, пенсия корлоруна салууга жол бериле турганын маалымдаган болчу.
Жаңы кызмат мөөнөтүнүн учурунда ал жетектеген өкмөттө кандай өзгөрүүлөр боло турганына кызыккан журналисттерге Буш азырынча андай өзгөрүүлөр пландаштырылбаганын айтты.
Ал эми айрым маалымат каражаттары мамлекеттик катчы Колин Пауэл, коргоо министри Доналд Рамсфелд жана баш прокурор Жон Эшкрофттун кызматтан кетээри жөнүндө кабарлашкан эле.
Ошону менен катар эле коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчи Кондолиза Райс айымдын коргоо министринин портфелин алат экен деген кеп болгон. Журналисттерге берген жообунда Буш жаңы кызматкерлердин дайындалуусу тууралуу кабинетте орундар бошогондо гана сөз кыла тургандыгын айтты.
Ал эми анын аралыгында өзүн "Ал-Кайыда" террордук уюмунун бир тармагымын деп атаган топ Америкага жаңы террордук чабуулдар жасала турганын эскертти. "Абу-Хавс ал-Масри бригадасы" деген уюм өзүнүн интернет сайты аркылуу Америка "алааматтан качып кутула албайт" деп кезенди. Аталган топ Мадридде март айында жасалган терактты мойнуна алган. Темир жол бекетиндеги ал жардыруулардан 190дон ашык адам курман болгон эле.