Мыйзам чыгаруу палатасында кворум болгон жок

БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн да пленардык отурум өткөрө алган жок. Ага энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы чыккан депутаттардын каттоодон өтүүдөн бул жолу да баш тартышы себеп болду. Энергетика тармагын менчиктештирүүгө тийешеси бар «Концессия жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү сунуштоо менен бир катар өкмөт мүчөлөрү Мыйзам чыгаруу жыйынына келишти. Бирок алардын жүйөөлөрү оппозициялык маанайдагы депутаттарды ынандыра алган жок. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 9-ноябрда чогулмакчы.