БИШКЕК. Бишкек шаардык сотунда бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабировдун «Учкун» гезитине берген доо аразы каралбай калды. Ага доогердин сот жараянына келбей калышы себеп болду. «Учкун» гезитинин 2004-жылдын 31-апрелдеги номурунда «"Ошгазды" ойрондогон Сабиров» аттуу макала жарыяланган. Анда депутат Сабировдун "Ошгаз" ишканасындагы ишмердүүлүгү сындалган. Андан көп өтпөй Давран Сабиров арнамыс, кадыр-баркыма шек келтирди деген доо менен Бишкектеги Свердлов райондук сотуна кайрылган. Моралдык чыгым үчүн гезит редакциясынан 5 миллион сом, ал эми макала автору Калил Жамгирчиевден 1 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Буга чейин Свердлов райондук соту аталган ишти карап, депутаттын арызын канааттандырган эмес. Ага нааразы болгон Давран Сабиров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдогон.