Кышка даярдыкка карата кайчы пикирлер айтылууда

БИШКЕК. "Быйыл кышка даярдык жакшы", деп билдирди биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында. Анын айтымында, учурда Бишкек ТЭЦине 384 миң тонна көмүр ташылып келинди. Ош шаарындагы ТЭЦке да жетиштүү көмүр топтолуп, газ менен камсыздап туруу боюнча Өзбекстан менен макулдашууга жетишилди.

Депутат Жаныш Рустенбеков өкмөттүн кышка даярдык саясатын сынга алып, Кыргызстанда жетиштүү көмүр кени турганда Казакстандан кымбат баага сатып алуу улуттук кызыкчылыкка каршы келет, деп белгиледи. Ал ошондой эле Өзбекстандан газ сатып алуу боюнча Башкы макулдашууга кол коюла электигин, энергетика тармагынын карыздарынын кыскарбай жатканын билдирди.