Ооган министри элге кайрылып, апийим талааларын жок кылууну суранууда

Ооганстандын ички иштер министри Али Ахмад Жалали бүгүн элге кайрылып, эгилген апийимдин баарын жок кылууну суранды. Бирок министрдин айтымында, ага өкмөт эч кандай кенемте төлөй албайт, апийим өндүрүү исламга каршы болгондуктан, аны эккен фермерлер апийим талааларын бекер жок кылууга тийиш. 2001-жылга чейин өлкөнү башкарган Талибан кыймылы бийликтен кулатылгандан кийин Ооганстан кайрадан дүйнөдө эң көп апийин өстүргөн мамлекетке айланды.