БИШКЕК. Бүгүн өкмөт башчысы Николай Танаев Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолугушту. Өкмөт башчысы 2005-жылдын бюджетин түзүүдөгү реалдуу сектордун өсүшү тууралуу маалымдады. Келээрки жылдын бюджетинде калкты социалдык жактан финансылык колдоого басым жасалгандыгы, бюджеттик мекемелерде эмгектенгендердин маянасы 30% көбөйтүлөөрүн билдирди. Ошондой эле премьер-министр айыл чарбасын жана өнөр жайдын айрым ишканаларына каржылык жардам берлип, жылуулук маселесин чечүү максатында көмүр казуунун көлөмү көбөйтүлөөрүн белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.