БИШКЕК. Тогуз саясий партиянын башын бириктирген "Кыргызстан элдик кыймылынын" уюштуруу курултайы 5-ноябрда болот. Кыймылдын мүчөсү, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевден алынган маалыматка караганда, уюмдун борбордук кеңеши 3-ноябрда боло турган жыйында курултайдын күн тартибин бекитет. Ал эми азыр курултайда кыймылдын жашоосуна негиз берчү юридикалык маселелерди бекемдөө, төрагасын шайлоо, жобосун бекитүү, саясий кеңештин курамын түзүп, бекитүү маселелери каралат деп болжолдонууда.
Курултайда кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев алдыда турган милдет, багыттар тууралуу чоң баяндама жасап, ал боюнча делегаттар ой бөлүшөт. Курултайга саясий багыты кыймылга шайкеш келген саясий партиялардын, эларалык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү чакырылат.
«Кыргызстан элдик кыймылы» ушул жылдын 9-сентябрында түзүлүп, анын курамына тогуз саясий партия кирген. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, кыймылга кирүүнү каалаган башка саясий партиялар менен саясатчылар жөнүндөгү маселе да курултайда талкууланат.