3-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда 3-ноябрда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +13…+18 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +8…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми ЧҮЙ, ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз +10…+15 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, түнкүсүн +4…+6, күндүз +16…+18 градустун айланасында жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Дилденбай жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Кубат Оторбаев.