1-3-ноябрда Бишкекте SIDA уюму, ПРООН жана кыргыз өкмөтү биргелешип түзгөн “Гендерлик теңчиликке жетишүүдөгү аялдар менен эркектердин кызматташуусу” долбоорунун негизинде эларалык конференция болуп жатат. Анда аялдардын саясаттагы, ишкерликтеги, журналистикадагы, айыл чарба, өнөр-жай өндүрүшүндөгү жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу маселелердин айланасында сөз болууда.
Калкты социалдык жактан коргоо департаментинин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын элинин 56% аялдар түзөт. Анын ичинде ишке жарамдуулары 55% ашуун, ал эми жумушсуздардын 54% аялдар. Мамлекеттик башкаруучу кызматтарда кыз-келиндер 35,5% ээлейт. Ал эми бийлик органдарында жана башка жетекчи кызматтарда иштеген аялдардын саны 30%га жетпейт.
Демек, аялдар негизинен социалдык багыттагы: билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан коргоо кызматтарында иштешет. Баарыбызга белгилүү болгондой бул сферадагы ишке төлөнүүчү эмгек акы аябай аз, бирок ошол эле убакта чоң жоопкерчиликти талап кылат.
2004-жылдын январь айында ПРООН менен Кыргыз өкмөтү “Кыргызстандын саясатында гендерлик теңчиликти өнүктүрүү” деген долбоорго кол коюшкан. Долбоордун максаты - мамлекеттин саясий турмушунда аял-лидерлерди активдештирүү болуп саналат.
Конференцияда сөз сүйлөгөн борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында жыл өткөн сайын аялдардын шайлоого катышуу жана шайлоочулардын ишеничине ээ болуусу өсүп жатат. Боршайком төрагасы баса белгилегендей 1995-жылы парламентте аял депутаттардын саны 4,7% түзсө, 2000-жылы бул көрсөткүч 7% өскөн. Ал эми жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо элдин ишеничине ээ болгон кыз-келиндерибиздин саны 19% ашкан, бул мурунку шайлоодогу көрсөткүчтөн 4%га көп дегендикти билдирет.
Кыргызстандагы аял саясатчылардын бири, коммунисттик партиянын жетекчиси Клара Ажибекованын ою боюнча мындай жетишкендиктер эларалык уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан гендерлик теңчиликти камсыз кылуу ишмердүүлүгүнүн жемиши болуп саналат:
-ПРООН баштаган эл аралык уюмдар гендерлик теңчиликке жетишүү маселесинин үстүндө иштеп, калктын аң-сезимин калыптандырууга, мамлекеттик жетекчилердин, депутаттардын түшүнүгүн өзгөртүүгө чоң салымдарды кошуп, аз болсо да гендерлик жылыш жасоого аракет жасап жатышат.
Аталган конференцияга Швеция, Литва, Молдова, Украина жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн адистер жана эксперттер катышууда. Тажикстан президенттик аппаратынын кызматкери Рабия Габиеванын айтымында:
-Конференцияда айтылган маалыматтарды угуп отуруп гендерлик саясат айрым мамлекеттерге караганда бизде жакшы өнүккөндүгүнө көзүм жетти. Алардын ичинде силердин мамлекет - Кыргызстан да бар. Азыр биздин парламентте 17 аял депутат бар. Бул Франция парламентиндеги аялдарга караганда 40 %га көп. Мамлекеттик башкаруу аппаратында 20%, соттордун арасында 30% аялдар иштейт. Бирок жогорку бийликте, айыл чарба жана өнөр-жай тармактарындагы башкаруу орундарында аялдар дээрлик жокко эсе.
Конференцияда козголгон маселелердин бири - эркектерге арналды. Кыргызстанда эркектердин өмүрүнүн узактыгы орточо эсеп менен 65 жашты түзөт. Бул аялдардын орточо жашоо узактыгына караганда 7-8 жылга аз. Ал эми өзүн-өзү өлтүрүү учурлары да аялдарга караганда эркектерде көп. 25 жаштан 49 жашка чейинки курагында суицидге барган эркектердин саны кыз-келиндерге караганда 5-7 эсеге ашуун. Мунун себебин “Фергана” гезитинин башредактору Бакыт Орунбеков мындайча түшүндүрдү:
-Азыр мамлекет эркектерди жумуш менен камсыз кылалбай, эркектердин көпчүлүгү үйдө отурушат. Ал эми аялдар тарабынан “Эмне үчүн үйдө олтурасың? Жанбакты” деп алардын дарегине айтылган сөздөр психологиялык зомбулук катары бааланат экен. Жумуштун жоктугунан жана ушундай психологиялык кысымдан улам эркектерге арак ичкенге, кылмыш жасаганга, өзүн өлтүрүүгө жана башка жаман иштерге барганга туура келип жатат.