«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУН» САТЫЛЫШЫН ПАРЛАМЕНТ ТУУРА КӨРБӨЙ ЖАТАТ

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 2-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып, анда “Кыргызтелеком” акционердик коомунун 51% мамлекеттик акциясын сатуу маселеси каралды. Бир катар депутаттар “жыл сайын 3 миллион доллардан ашуун киреше алып турган ишкананы сатуу зарыл эмес” деген пикирлерин айтышты.
“Кыргызтелеком” - өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Байланыш жаатындагы монополист. Аны менчиктештирүүгө кадам 1998-жылы жасалган. Ошол кезде Жогорку Кеңештин кош палатасы “Кыргызтелекомдун” 51% акциясын сатуу тууралуу өкмөттүн концепциясын колдоп берген.

Андан кийин 2003-жылы тендер өткөрүлүп, анда алты талапкердин ичинен Swedtel компаниясы жеңип чыкканын тендерди өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия жарыялаган. Бирок Swedtelдин финансылык абалы жөнүндө суроо коюлганда - ага эч кандай жооп болгон эмес. Бул тууралуу депутат Жаныш Рустенбеков мындай дейт:

-Айтмакчы, Swedtel эмне деген компания экенин азырга чейин өкмөт айта албайт. Ал деген кайсы бир офшордук зонадан каттоодон өткөн белгисиз фирма. Андайлар эмне кылаары бизге белгилүү.

Өкмөт ушуга байланыштуу Swedtelди "оюндан" чыгарууга аргасыз болгон. Рустенбековдун айтымында, мына ушул факты жана тендердин мыйзам талап кылгандай ачык түрдө өткөрүлбөгөндүгү менчиктештирүүнү токтото туруу тууралуу 2004-жылы 7-июлда Эл өкүлдөр жыйынынын токтом кабыл алуусуна түрткү берген.

Swedtel “оюндан” чыккандан кийин калган беш компания тендерге катышууну улантып, тендердик комиссия алардан 51% акцияга финансылык сунуштарды берүүнү сураган.

Ал сунуштар быйыл 25-майда ачылып, анда 51% акцияга 16 миллион 200 миң доллар берерин билдирген германиялык AREXTECH/detecon компаниясы тендердин биринчи этабынын жеңүүчүсү деп табылган.

Бирок Эл өкүлдөр жыйынынын токтомуна байланыштуу тендердин экинчи этабын өткөрүү убактылуу токтотулган. Антсе да Жогорку Кеңештин кош палатасы жактырган концепция күчүндө экендигине байланыштуу 51% акцияны сатууга биротоло чек коюлган эмес. Токтомду аткарууга мына ушул карама-каршылыктуу эки чечим тоскоол болуп жатканын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков билдирип, буларга токтолду:

-Токтом сөзсүз түрдө аткарылыш керек деген юридикалык түшүндүрмө алсак. Анда ал токтомду сөзсүз түрдө аткарууга даярбыз.

Анын айтымында, мүлк комитети бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылып, түшүндүрмө алууга даяр.

"Кыргызтелекомду" менчиктештирүүдөгү мыйзам бузууларга жана өлкөдөгү абалга жаны кейиген депутат Валерий Диль мындай ою ачыкка чыгарды:

-Баары кандай болуп жатканын билип-көрүп турабыз. Эмне канча турарын, анын артында ким турарын жана андай иштер кандай жасалаарын билебиз. Бирок унчукпай коюну артык көрөбүз. Биз бул ооруудан айгыш үчүн баарын ачык айтууга тийишпиз. "Кыргызтелеком" боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу аныкталыптыр. Макул, аны токтотолу. Бирок андан башкалар ошентип эле кетип атпайбы.

Ал эми депутат Курманбек Шарипов мындай деди:

- "Түндүкэнергону", "Кыргызтелекомду" сатсак - утабызбы? Азыр Жолдошбек Турдумамбетов айтып кетти - Канттагы шифер завод боюнча. Аны менчиктештирип, элдин убалына калдык. Эки жылдан бери үйүнүн чатырын жаба албай жүргөн адамдар бар. 200-300 сомго чыгып кетти бир шифер. 51% акция тура берсин өкмөт колунда. Анын үстүнө жылына 3,5 миллион доллар таза киреше алып келип атса. Анан 16 миллион доллар бюджеттин же өлкөнүн бир жагын кантип көтөрүп кетмек эле.

Мына ушундай маанидеги талкуудан кийин сөз алган Равшан Жээнбеков “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүнү токтотуу тууралуу Жогорку Кеңештин эки палатасы биригип чечим кабыл алса - анда аны аткарууга даярбыз деп билдирди.

Талкуунун соңунда депутаттарга “Кыргызтелекомдун” 51% акциясын сатууну токтото туруу, менчиктештирүүнүн зарылчылыгын иликтөө үчүн үч тараптуу комиссия түзүү, тендер өткөрүүдө мыйзам бузууларга жол берген жетекчилердин жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуштаган токтом долбоору сунушталды. Ал жакынкы күндөрдө добуш берүүгө коюлмакчы.