ОШКО ЭРКИН БАСМА ҮЙҮ ЗАРЫЛБЫ?

Кожогелди Култегин, Ош "Ошко да эркин басма үйү аябай керек" деген пикир соңку кездери ар түрдүү жыйындарда, басма сөз беттеринде арбын айтылчу болду. Мындай пикирлер көз карандысыз басма үйү Бишкекке курулуп, гезиттердин өң-түс, жасалгасы, кебете-кешпири кескин оңолгондон баштап айрыкча күчөдү.
Ошко эркин басма үйү чын эле зарылбы деген суроого «Ош шамы» гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаев төмөндөгүчө жооп берет:

- Ошко басма үйү өтө зарыл. Оштун өзүн эле алсак, облустук, райондук, шаардык, эркин гезиттер азыркы мезгилде сапаттуу гезит чыгара турган басма үйү жок. Эски басмакана өз миссиясын аткарып бүттү.

Талантбек Моңолбаев Ошко заманбап басма үйү курулса аны пайдалануучулар арбын табылмак деген пикирде:

- Жалпы түштүктө - жалпы Фергана өрөөнүндө, коңшулаш Өзбекстанда эркин басылмаларды басуу бир топ кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан алар Оштун басма үйүнөн пайдаланууга толук мүмкүнчүлүк алат эле. Коңшулаш Тажикстандын Мургап, Жергетал райондору муруңку шартта дагы ушул Оштун басмаканасынан пайдаланып гезит чыгарып жүргөн. Булар үчүн да бир топ жакшы шарттар түзүлөт эле.

Мындай зарылдык бүгүн эле пайда боло калган жок. Ошко өзүнчө басма үйүн ачуу тээ союздун убагында эле башталгандыгын «Ош облустук типографиясы» акционердик коомунун башкы директору Мухтар Маматалиев баяндап өттү:

- 1987-жылдары Ташкендеги «МИ полиграф проект» бүткүл союздук институтта долбоорун жазып, жер бөлүп берип, башаталаар убагында союз таркап кетип, ишке ашпай калды. Бир гектар 20 сотых жер болчу, ал жерге үч кабаттуу жатакана, жети кабат басма үйү курулмак.

Ал эми эгемендүүлүк жылдарында да Оштогу бул кенемтени толтурууга, кенен-чонон пайда табууга кызыккан инвесторлор чыгып, бирок аларды жолдон буруп кетишкендигин “Ош шамы» гезитинин баш редактору Талантбек Моңолбаев айтат:

-1994-жылдары Германиядан атайын инвесторлор келген - басма үйүн ачсак деп. Эгерде ошол басма үйүнө кеткен каражаттарды максаттуу жумшаганда, ал каражаттар кайра ушул мезгилге чейин өзүн-өзү эбак актамак.

"Ош облустук типографиясы" акционердик коомунун инвестиция тартуу иштерине жергиликтүү бийликтер жардам берер түрү жок дейт Мухтар Маматалиев:

- Силер акционердик коомсуңар, ошон үчүн өзүңөрдү өзүңөр каржылашыңар керек деген пикирлерин айтышат.

Ошол эле кезде айрым сын материалдарды жарыялаган гезитти баскандыгы үчүн ошол жергиликтүү бийлик ээлеринен, фискалдык органдардан жеме угарын да Маматалиев жашырганы жок.

Андыктан Ошко көз карандысыз басма үйү керектигин өзбек тилинде чыкчу «Ди-ди-ди» гезитинин жооптуу редактору Мамыржан Шакиров айтып өттү:

- Биз башында эле айтканбыз - «Фридон хауздун» басмаканасы Бишкекте эмес, Ошто болушу керек деп. Кезекте көп туруп калган учурлар болот, кагаз, фольга жетпей, газетабыз чыкпай калган күндөр да болгон .