Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, чак түшкө чейин шайлоочулардын 22 пайызы шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, добушун беришти.
Президенттик кызматтан кетип жаткан Леонид Кучманын ордун 24 талапкер басууну самайт. Ал эми алардын ичинен президенттикке татыктууларын 37 миллион шайлоочу тандап алышы керек.
Анткен менен ушул 24 талапкердин ичинде бул орунду ээлеши мүмкүн делген эки негизги талапкер бар. Алардын жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору. Булар: премьер-министр Виктор Янукович менен мурдагы өкмөт башчы Виктор Юшенко.
Янукович бүгүн эрте менен Киевдин борборундагы шайлоо чөлкөмдөрүнүн биринде добуш берди жана “өкмөт шайлоонун тынч өтүшүн камсыз кылуу үчүн бүт аракетин жумшайт” деди.

- Мен добушумду Украинанын келечеги үчүн бердим, анткени биздин балдарыбыздын келечеги кең болуш керек деп ойлойм. Аны куруу иши ишенимдүү адамга жүктөлүшү керек.

Ал эми анын негизги атаандашы, оппозициялык күчтөрдөн көрсөтүлгөн талапкер Виктор Юшенко:

- Мен укук корголгон, өз атуулдарын коркутпаган жана аларды урматтаган акыйкат мамлекетте жашагым келет, - деди.

Акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, негизги талапкерлер ортосунда ажырым өтө эле тар. Андыктан, биринчи айлампада добуштардын көпчүлүк бөлүгүн алуу эч кимге буйрубай калышы да ыктымал. Эгер ушундай болуп калса, анда шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү керек. Ал 21-ноябрда болот жана анда биринчи айлампада алдыга озунуп чыккан эки талапкер күч сынашмакчы.
Добуш берүү жараянынын кандай өтүшү өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү алдындагы сыноо катарында каралууда. Ал Украинада кечки саат сегизде жыйынтыкталат. Ал эми алгачкы жыйынтыктары эртең эрте менен маалым боло баштайт.