КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН АДАБИЯТЫ ЖӨНҮНДӨ

Азиза Турдуева, Бишкек 1950-жылдарга чейин кыргыз басма сөзүнүн жана басмаканасынын жоктугуна байланыштуу Кытайдагы кыргыздардын адабий чыгармалары кол жазма түрүндө гана сакталып келген. Андан бери Кытайдагы кыргыз жазуучу-акындарынын ондогон чыгармалары жарыкка чыгып, окурмандарга тартууланды.
Кытайда 1949-жылкы революция жеңгенден кийин, ушул эле жылы Бейжинде өткөн кытай жазуучуларынын биринчи курултайында адабияттын жаңы доорго өткөндүгү жөнүндө жарыяланган. Буга байланыштуу Кытайдагы кыргыз адабияты да жаңы мазмундагы багытка бет алып, социалисттик реализмге негизделген адабияттын мүнөзүн, максатын, ыкмасын өздөштүрүүгө киришкен. Кытайда жашаган башка аз сандуу улуттардай эле кыргыз адабиятында да социалисттик түзүлүштөгү коом, коммунисттик партия даңазалана баштаган. Ошол жылдары Ыбрай Мамбет аттуу акын «Таң атты» деген ырында:

«Чыгыштан жарык таң атты,
Чындыктын нурун таратты», - деген саптарды жазган.

Кытайдагы кыргыз жазуучу, акындарынын чыгармалары кыргыз басылмаларынын жана басмаканасынын жоктугуна байланыштуу кол жазма түрүндө гана сакталган. 1954-жылы Шиңжаңдын Кыргызстан менен чектеш аймагында Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусу курулгандан кийин гана кыргыз басылмалары ачылган. Башкача айтканда, кыргыз калемгерлеринин чыгармалары жарыяланып, өзүнчө китеп болуп чыга баштаган.

Мисалы, 1958-жылы Шинжаң басмасынын кыргыз редакциясынан кыргыз жазуучуларынын «Аңгемелер жыйнагы», «Мао Цзедундун өспүрүм кездери», «Сүйүктүү мекен» деген сыяктуу китептер чыккан.

Бирок 1966-1976-жылдарда Кытайда орун алган «маданият төңкөрүшү» жылдары кыргыз тилинде жазууга тыйуу салынган. Кыргыз акын-жазуучулары чыгармаларын башка тилдерде жазып, чыгарууга мажбур болушкан.

1979-жылдан баштап гана, кыргыз тили кайрадан калыбына келтирилип, кытай адабиятындай эле кыргыз адабиятында да жаңы багыт башталган. «Маданий төңкөрүш» саясатын жана анын демилгечилерин сынга алган адабий чыгармалар пайда болду.

Эгерде революциядан кийинки 30 жылдын ичинде Кытайдагы кыргыз адабиятында негизинен поэзия жанры өнүксө, 80-жылдардан баштап, көлөмдүү прозалык чыгармалар жаралган. Алсак 1987-90-жылдардын аралыгында Кытайдагы белгилүү кыргыз жазуучусу Сакен Өмүрдүн «Керме-Тоо өрөөнүндө» аттуу повести, Ырысбек Абыкандын «Өмүр» деген, Турсун Мырзанын «Бүркүт», Зунуналы Бектемирдин «Алтын сөйкө» аттуу чыгармалары жарыяланган.

1991-жылы болсо Кытайдагы кыргыз жазуучуларынын арасында эң алгачкы болуп Момун Турдакун «Тагдыр жолу» аттуу романын жарыялаган. Андан кийин эле Турганбай Кылычбек «Чолпон жылдызы» деген повестин окурмандарга тартуулады. Бүгүнкү күндө Кытайдагы кыргыз жазуучулары тарабынан 20га жакын роман жазылып, ондогон акындардын чыгармалары басылып чыкты. Бул жөнүндө адабият таануучу, Шинжаң басмасынын кыргыз редакциясында көп жылдар бою башкы редактор болуп иштеп келген Нооруз Үсөналы мындай дейт:

- Жакында чыккан романдардан айтсак, таанымал жазуучулардын бири Сакен Өмүрдүн «Таң алдында», «Шаңдуу жол» деген романдары, Абдрахман Ысмайыл дегендин бир нече романдары, алардын ичинде «Рух» аттуу романы басмаканадан чыкты. Момун Турдакун аттуу жазуучунун да эки романы чыкты. Эми соңку мезгилде аңгеме, повесть жыйнактары, романдар өтө көп эле чыгып жатат, менимче, бир-ар жүздөн ашып калышы мүмкүн. Ал эми поэзия андан да көп, Кызылсуудан да, Үрүмчүдөн да чыкты.