ОШ. Бул иш чара Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматташуу жана маданият иштери боюнча атташеси Драмон Коэстер мырзанын жетекчилигинде уюштурулду. Китепкананын француз залында негизинен француз романисттеринен жана новеллачыларынын чыгармаларынан түзүлгөн экспозиция көбүрөөк орунду ээлейт. Бул зал жалпы көркөм адабият күйөрмандарына жана ошондой эле француз тилин үйрөнүүчүлөргө арналган. Китеп окуу майрамына карата француз адабиятын пропагандалоо Франция маданиятынын эстелигинин соңку жылдардагы көрүнүктүү иштеринен болууда жана ал бүткүл дүйнөнү кучагына ала баштады, - дейт атташе Драмон Коэстер мырза. Андан аркы сөзүндө ал француз адабиятына кыргыз окурмандарын тартуу иш аракети Оштон башталып жаткандыгын белгиледи.