ТАЛАС. Облустун укук коргоо жана коопсуздук органдарынын маалыматтары боюнча Таласта «Хизб-ут тахрирдин» баракчалары таратылган фактылар бар. Бирок уюмдун Таластагы өкүлдөрү кармала элек. Казакстандын коопсуздук органдарынын билдирүүлөрүнө караганда, Киров суу сактагычын жардырып жиберүү коркунучу жок эмес. Ошондуктан эки элге кызмат кылып жаткан платинада көзөмөл иштери күчөтүлдү. Электр энергиясы боюнча облустун тогуз айдагы карызы 113 млн. сомдон, мунун ичинен элдин карызы 104 млн. сомдон ашык экендиги айтылды. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, карыздарды өндүрүү үчүн облусук жетекчилер айыл, кыштактарга, коллегия мүчөлөрү райондорго бекитилишти. Бул тууралуу облустук администрациянын коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча бөлүмүнөн 29-октябрь күнү маалымдашты.