Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму болот

БИШКЕК. Эртең Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 7-чи отуруму болот. Анын күн тартибинде эки өлкөнүн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуусу, Кыргызстан менен Орусиянын 2000-2009-жылдардагы экономикалык кызматташтыгы жөнүндөгү программанынын аткарылышы каралат. Премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришкендей, отурумда ошондой эле «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык программасынын ишке ашырылышы, эки олкөнүн энергетика жана газ тармактарындагы кызматташуу маселелери талкууланат.