Иракта ишемби күнкү кандуу булоон иликтене баштады

Убактылуу өкмөттүн билдиргенине караганда, тергөөчүлөр ирактык жоокерлер жөнүндөгү маалымат козголоңчулардын колуна кантип түшкөнүн териштиришмекчи. Ишембиде машыгуудан кайтып келаткан 49 аскер буктурмага кабылып, атып өлтүрүлгөн эле.
Өлкөнүн утурумдук премьери Айад Аллави массалык кыргынды ырайымсыз кылмыш деп атап, ирактык жоокерлердин коопсуздугун камсыздоодо коалиция күчтөрүн кенебестик үчүн күнөөлөдү.
Ирактын коргоо министри Хазем Шалаан болсо аскерлер машыгуудан кийин дароо үйлөрүнө кетүүнү чечип, уруксат берилбеген жол менен жөнөшкөнүн белгиледи.
Ал эми Британиянын аскерий өкүлдөрү билдиргендей, бүгүн Ирактагы британиялык контингенттин 800 аскери Басрадан Багдадка жакын жерге жайгаштырыла баштады. Шотландиялык батальон америкалык жоокерлерди алмаштырат. АКШлык аскерлер болсо түндүктөгү козголоңчуларга каршы операцияларга катышмакчы.