ЭНЕРГЕТИКА КООПСУЗДУГУ КОРКУНУЧТА, АШЫРКУЛОВ БАКИЕВГЕ УЧКАШТЫ,ЫНТЫЗАРЛАР МАРШЫ

Откөн аптада Бишкекте өткөн коопсуздук кеңештин иши ууралуу шейшемби күнү чыккан “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз туусу” , “Вечерний Бишкек” жана башка басылмалар маалымдады. Ал эми тил, тарых, пейил жоголуп бара жатат деген тынчсыздануу менен «Улут ордо» коомдук уюмдар тилектештигинин кайрылуусу «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланды.
Шейшемби 26 октябр күнү чыккан «Слово Кыргызстана» гезитинде «Энергетика коопсуздугу коркунучта» деген макалада 23 октябрда өткөн коопсуздук кеңештин отурумунун жыйынтыгы туурасында жазылды. Анда президент эмне үчүн энергетика тармагы ушул деңгээлге жеткенине жана анын себептерине токтолгон. Ошондой эле макалада экстремизмгекаршы күрөшүү боюнча президенттин ой пикири чагылдырылган. Коопсуздук кңештин иши жөнүндө 26 октябрда чыккан «Кыргыз туусу» гезити да кабарлады. Анда энергетика чөйрөсүндө кырдаалды жакшыртуу,коррупцияга каршы саясатты ашыруу, терроризм жана экстремизм менен курөшүү боюнча чаралар талкууланды, деп маалымдады басылма. Ал эми гезиттин биринчи бетинде орун алган «Кайран гана Ашыркулов эми Бакиевге учкашты» деген макалада макала автору Мундузбек Тентимишев республиканын саясий турмушун удургутуп, «Адилет шайлоолор үчүн» деген атуулдук кошунду түзгөн Мисир Ашыркулов али ирдене элек «ымыркай» кошундун башын аттап, «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий блогун көздөй жылт койду, деп айткан. Ошондой эле Мисир Ашыркуловдун амалкөй маневрларынан кийин ага ким ишенет деген суроону койгон.

Дегеле биздин кыргыз эли тамыры улуу Манастан баштап эркиндикти туу тутуп келген, намыстуу эл. Ал эми бүгүнкү учурдагы демократиялуу эгемен кыргыз өлкөсүнүн ички саясатына сырттан келген сый өкүлдөрдүн кийлигишүүсү туура эмес дегн оюн Кыргызстандын эл акыны Сооронбай Жусуев «Кыргыз туусу» гезитинин шейшемби күнкү чыгарылышына билдирген.

«Улут ордо коомдук уюмдар тилектештигинин Улуу Манас бабабыздын кичи мекенин жердеген үлгүлүү Талас элине болгон кайрылуусу жарыяланды. Анда кайрылуучулар эне тилибиз өксүп, салтыбыз унутулуп, тарыхыбыз такталбай, ыйман сууп, пейил тарып, улуттун көрөңгүсү кемип, көбүбүз кордрдолуп, өз мекенибизде өзүбүз өгөй сезип, качанга чейин рухий кулдуктан чыкпай жүрө беребиз деген суроону коюшту.

Ал эми «Вечерний Бишкек» басылмасынын башкы темасы коопсуздук кеңештин отурумуна арналды. Анда буга чейин эч качан терроризм менен күрөшүү маселеси азыркыдай курч боло элек болсо керек.

Анткени глобалдуу жамандыктын диний экстремизм, маалыматтык согуштар, уюшулган кылмыштар, баңги бизнеси, этникалык карама-каршылыктар менен чогуу күчөшү, түздөн-түз биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына коркунуч алып келиши мүмкүн, деп кабарлады басылма. Гезиттин ушул эле санында «Ынтызарлардын маршы» деген макала орун алды. Анда шаарды тазалоо боюнча демилгечилердин жасаган жумушу тууралуу баяндалды.

Тажикстандан келген 95 этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек » гезити кеңири маалымат берди.