Пакистан Кашмир боюнча ачык талкууларды баштоону сунуш кылды

Президент Первез Мушарраф муну жарым кылымдык жаңжалды чечүүнүн бир жолу деп эсептейт. Ал биринчи кезекте Кашмирдин аймактык бөлүнүштөрүн аныктап чыгып, андан соң аны куралсыз чөлкөмгө айлантуу, бардык аскерлерди чыгарып кетип, анын статусун өзгөртүү зарылдыгын айткан эле. Индия тарабы муну маалымат каражаттарында эмес, ырасмий каналдар аркылуу талкуулоо керектигин билдирди. Кашмирдин Индияга караган аймагындагы сепаратисттер альянсынын мурдагы төрагасы Мулби Аббас Ансари буга байланыштуу кашмирликтер талкууга тартылмайынча алар эч канадй чечимди кабыл албайт, ошондуктан эки тараптагы калк буга бирдей катышканда гана талаштын адилет жолу табылышы мүмкүн экенин билдирди.