Депутаттар кайрылуу таратышты

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 20 депутаты Азия өлкөлөрүнүн парламенттик Ассамблеясына, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына жана АКШ Конгрессине кайрылуу жолдоду. Кайрылуу кабыл алууга депутат Арслан Малиевдин Октябрь райондук соту тарабынан жоопко тартылышы негиз берген. Ленин райондук сотунун судьясы Таалай Саатов буга чейин депутат Арслан Малиев ар намысыма доо кетирди деп сотко берип, 150 миң сом доо сураган жана талабы канааттандырылган.
Кайрылууда бул иш укуктук нормаларга туура келбеген жорук катары бааланып, бийлик ээлеринен куугунтукту токтотуу талап кылынган. Депутаттар эркин пикир айткандыгы үчүн айыпталган мындай иш аракеттерди айыптоого дүйнө жүзүндөгү бардык кесиптештерин чакырган.