Ачкачылык акциясы уланууда

БИШКЕК. 25-октябрда Чүй районунун Чүй айылында ачкачылык акциясын баштаган 12 адамга кошумча дагы 4 киши кошулду жана нааразылык акциясы улантылууда. Бул тууралуу акциянын катышуучусу Калипа Акамудинова билдирди. Анын айтымында, ачкачылык жарыялаган адамдардын абалы оорлошууда жана аларга дарыгерлер көз салып турат. Чүй айыл өкмөт башчысынын орун басары Муктар Жумабаев ачкачылык акциясы уланып жатканын тастыктап, жакынкы күндөрдө өкмөттүк комиссия келип, үйлөрү кыйроо алдында турган атуулдарга ссуда бөлүү маселесин иликтерин билдирди. Маалым болгондой Чүй айылында 50 үй жер астынан чыккан суудан кыйроо абалына келген. Ал эми өкмөт тарабынан аларга тийиштүү каржылык жардам көрсөтүлгөн эмес. Ошого байланыштуу үй ээлери акыркы кадамга барып, ачкачылык жарыялашкан.