АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН КӨЗӨМӨЛҮ АЛДЫНДА ИРАКТА ИРИ ӨЛЧӨМДӨГҮ ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТ ЖОГОЛГОН

Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы былтыр согуш башталаар алдында өлкөдө иштеген эл аралык инспекторлор 350 тоннага жакын жарылуучу затты Багдад шаарынан түштүк жактагы Ал-Какаа аттуу жерге калтырып кеткен. Бирок согуш башталгандан кийин анын баары уурдалып жоголгон жана ал тууралуу эми гана белгилүү болууда. 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо Жорж Бушка атаандаш боло турган сенатор Жон Керри бул окуяны - АКШнын азыркы өкмөтүнүн эч нерсеге жөндөмсүз экенинин дагы бир далили катары келтирүүдө.
Ал-Какаадагы жарылуучу заттар жоголгону тууралуу 25-октябрда "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкты жана ошол эле күнү Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине ал тууралуу кат жолдоду. Ал жарылуучу заттар өзөктүк технологияда колдонушу мүмкүн жана инспекторлор аларды мурда катуу көзөмөл алдында кармаган, бирок АКШ Иракка каршы согуш баштаар алдында Вашингтон бардык эл аралык текшерүүчүлөрдүн өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Агенттиктин айтымында, Ал-Какаадагы заттар кайтарылыш керек деп алар АКШ жетекчилигине билдирген.

Анткен менен 2003-жылдын 9-апрелинде америкалык аскерлер Багдад шаарына киргенден кийин, калаанын улуттук музейлери менен китепканалары ачык-айкын тонолгон сыяктуу, Ал-Какаадагы жарылуучу заттар дагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Элбарадеинин айтымында, кооптуу жерлер Иракта жакшы кайтарылбай жатканы тууралуу өлкөнүн жаңы өкмөтү мурда эле тынчсыздануу билдирген жана октябрдын башында ал жөнүндө Элбарадеи дагы Коопсуздук Кеңешине атайын кайрылган.

АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрелинин айтымында, өкмөт бардык чараларды көрүүдө, бирок жердин баарын кайтаруу мүмкүн эмес: "Иракты бошотуу аракеттери башталгандан бери биз курал сакталган жердин баарын көзөмөлдө кармоо үчүн бардык чараларды көргөнбүз. Бирок Ирак өтө аскерлешкен мамлекет болгондуктан, анын бардык 100 пайыз аскерий түзүлүштөрүн 100 пайызга кайтаруу мүмкүн эмес".

Бирок өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча америкалык Висконсин долбоорунун деректири Гэри Милхоллиндин айтымында, Ал-Какаадагы заттар тууралуу ар бир жетекчи билип, аны кайтарууга бардык аракеттерди көрүүгө тийиш болчу: "Жарылуучу заттарды өндүрүү жана аларды сактоо боюнча ал эң негизги жер болчу. Ошондуктан инспекторлор ошол жерде болгон. Аны ар бир адам билген жана аны кайтаруу - бийликтин эң негизги максаты болуш керек эле".

Иракта мурда инспектор болуп иштеп кеткен Дэвид Кэйдин айтымында, эми алардын баары согушкерлердин колунда: "Иракта акыркы мезгилде өтө көбөйүп кеткен жардыруулар үчүн ошол жерден жарылуучу заттар алынган, анткени согуш аяктагандан кийин ал эч кайтаруусуз калган".

Маселе чыгаары менен президенттикке талапкер Жон Керри андан пайдаланып, өкмөттү дароо катуу сынга алды: "Үстүбүздөгү жылдын май айында эле өкмөткө - террорчулар ири өлчөмдөгү жарылуучу зат таап алганы тууралуу маалымат берилген. Эми биз билип жатабыз - бул президент жөнөкөй жана негизги нерселерди жасай албагандыктан, биздин аскерлердин коопсуздугу камсыз болгон эмес. Бул Ирактагы эң чоң каталардын бири".

Өткөн жылдын апрелинде Саддам Хусейн президенттиктен кулатылгандан кийин, Ирактагы бийлик толугу менен америкалыктарга өткөн, өлкөнүн убактылуу өкмөтү бир жылдан ашкандан кийин гана түзүлгөн.