Вильнюс шаардык соту Литванын мурдакы президенти Роландас Паксасты мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган эмес деп тапты. Парламен апрель айында Паксасты россиялык ишкер Юрий Борисовго Литванын жарандыгын алууга жардамдашты жана өкмөттүк сырды ага берди деп тапкандан кийин, Паксас президенттик кызматтан кеткен эле.
Парламент далил катары Паксас менен Борисовдун коопсуздук кызматы жазып алган телефон сүйлөшүүсүн бетке туткан.
Паксастын шайлоо өнөктүгүн каржылаган Борисов орус мафиясы менен байланышта деп шектелген.