«Ыссыккөлдү өнүктүрүү» ресурстук борбору түзүлдү

КАРАКОЛ. Облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын тараткан маалыматтарына караганда, «Ысыккөлдү өнүктүрүү» ресурстук борбору облустук акимчиликтин алдында түзүлдү. Аталган борбор алгачкы ишин «Губернатордун электрондук байланышы» аттуу долбоорду жайылтуудан баштайт. Ошондой эле аталган борбордун курамына кирген эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү үч айда бир жолу расмий эмес чөйрөдө, же кыргыз элинин каада-салты боюнча шеринелерди уюштурат. Биринчи шерине Жапониянын «JIKA» эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан 7-декабрда Бишкектеги «Хаят» мейманканасында болот.