23-октябрь – Сербиянын түштүгүндөгү Косово провинциясында парламенттик шайлоо күнү. Бул 1999-жылдын жайынан бери Улуттар Уюмунун башкаруусу астындагы провинциядагы парламенттик экинчи шайлоо. Жаңы парламент алдында Улуттар Уюму менен Косовонун келечек статусун аныктоочу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү вазийпасы турат. Албан көпчүлүгү провинциянын эгемендигин жактаган талапкерлер үчүн добуш берет деп күтүлүүдө. Аймактын Белграддын башкаруусунда калышын каалаган серб азчылыгы добуш берүүгө бойкот жарыялашкан.
Парламенттик шайлоо Сербиянын түштүгүндөгү аймактын келечеги үчүн өтө маанилүү. Косово күнкорсуз мамлекет болобу же Сербия жана Черногориянын курамында калабы? Бул маселе жаңы шайланчу парламент менен Улуттар Уюму ортосунда келерки жылы өтчү сүйлөшүүлөрдө такталыш керек.
120 орундуу парламенттеги улуттук азчылыктарга бөлүнгөн 20 орундун ону сербдерге бекитилген. Ага карабастан Косово Сербиянын ажырагыс бөлүгү деп санашкан жергиликтүү сербдер шайлоого бойкот жарыялашкан. Алардын бул кадамын Сербиянын премьер-министри Войислав Коштуница жана Серб ортодокс чиркөөсүнүн башчысы колдошту. Бирок Сербиянын президенти Борис Тадич серб саясатчылары жетерлик колдоо алышпаса, Косовонун парламентинде эч кандай күчкө ээ болбойт деп, Батыш өлкөлөрүнүн демилгеси менен өтүп жаткан саясый өнөктүктү жактады.
Ишемби күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Косоводогу миссиясынын башчысы Паскал Фиски провинциядагы 1,4 миллион шайлоочуну добуш берүүгө жапырт келүүнү өтүндү:
-Силер Косовонун болочогу үчүн добуш бересиңер. Силердин келечегиңер өз колуңарда жана береги шайлоо сандыктарында. Аны пайдалангыла.
БУУнун Косоводогу администрациясынын башчысы Сорен Ясен-Петерсон да ишемби күнү серберге ушундай кайрылуу жасаган.
Жергиликтүү албандар Косово Сербиядан эгемен болуш керек деп санашат. Албан лидерлери да шайлоочулардын алдында өздөрүн күнкорсуздуктун тарапкери катары көрсөтүү үчүн бар аракетин кылышты.
Байыстуу Косово демократтык лигасынын төрагасы, Косовонун президенти Ибрагим Ругова 23-октябрдагы кайрылуусунда мындай деп билдирди:
- Бул Косовонун эгемендигин ырасмий таануу жолундагы өтө зор жана маанилүү күн. Биз Косовонун өз алдынчалыгы, Евробиримдик жана НАТО менен жакындашуусу, ошондой эле АКШ менен достугу жөнүндө сөз кылуудабыз.
Анын келишпес атаандашы улутчул Косово демократтык партиясынын башчысы
Хашим Тхачи косоволук сербдерге болочок Косово өкмөтүндө Россия каалагандай өзгөчө статус берүүгө макул эмес:
-Мен Россия сунуш кылган эл аралык конференцияга каршымын. Косоволуктар аймактын келечек статусун референдум аркылуу аныктап, өздөрүнүн саясый эркин билдирсе, өтө мыкты чечим болмок.
Провинцияда жумушсуздук күч. Экономика тышкы гранттардан гана дем алып турат. Ошондуктан көпчүлүк жаңы парламент кырдаалды оңдойт деген үмүттө. Алардын бири Керим Гаши:
–Шайлоо айырыкча жумушсуздук менен коррупцияны азайтып, адилет система орнотот, коопсуздук жагдайын жакшыртып, айрым өзгөрүүлөрдү алып келет деген үмүттөмүн.
Март айында Косоводо чыккан чатакта 19 адам өлүп, 4 миңден ашуун серб жана башка улуттук азчылыктын өкүлдөрү там-жайсыз калган. Албандар бир нече чиркөөнү өрттөп жиберишкен. Ушундан улам, шайлоонун коопсуз өтүшүн камсыздоо үчүн НАТО провинциядагы 18 миңдик колуна жардамга кошумча дагы 1 миң жоокер киргизген.
Провинцияда айоосуз улуттук тазалоо жүргүзгөн Сербиянын коопсуздук күчтөрүн НАТОнун аскерлери 79 күндүк авиачабуулдан соң 1999-жылдын июнь айында кууп чыккан.