Жапанияда жер титиреп, Кытай шахтасында газ жарылды

Жапаниянын түндүгүндөгү Нийигата префектурасында бүгүн удаасы менен үч жер титирөө болду, алардын баарынын күчү Рихтер өлчөмү боюнча алты баллдын тегерегинде. Эки адам өлүп, токсонго жакын киши жараат алды.

Кытайдын борборундагы Хеннан провинциясындагы шахтада 20-октябрда газ жарылгандан курман болгондордун саны болсо бүгүн 77 адамга жетти. Жарылуу болгон учурда жер алдында 450 адам болгон, алардын үч жүзү куткарылды.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.