Президент Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрдү

БИШКЕК. 23-октябрда өкмөт үйүндө президент Аскар Акаевдин жетекчилигинде Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда үч маселе каралды. Тактап айтканда, энергетика тармагынын ишин турукташтыруу, антикоррупциялык саясат, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштүн деңгээли талкууланды.

Отурумга журналисттер чакырылган жок. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин билдиргенине караганда, жыйында аталган маселелер боюнча башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин, коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловдун жана энергетика тармагын тейлеген жетекчилердин маалыматтары угулуп, аларга карата мамлекет башчы өз баасын берди. Коопсуздук кеңешинин отуруму кандай чечим кабыл алгандыгы тууралуу маалымат таратыла элек.