АКШ өз жарандарын сак болууга чакырды

БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына каршы террордук чабуул болуш ыктымалдыгын жума күнү эскертти. Маалыматка караганда, «аль-Каида» менен байланышы бар "Өзбекстан ислам кыймылы" Борбор Азияда активдешүүдө. Алар жанкечтинин жардамы менен террордук чабуул жасашы ыктымал. Ошондуктан Бишкектеги элчиликтин кызматкерлерин коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу эскертилген.

Кыргызстандын коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрүнүн Кыргызстанга киришине бөгөт коюу үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын «Азаттыкка» буга чейин билдирген эле.