НАРЫН. Партиянын облустук комитети жыйынды драма театрда өткөрдү. Айылдык, шаарчалык жана шаардык кеңештердеги депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы боюнча партиянын облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Мурат Ассакунов билдирүү жасады.
Анын айтымында, 10-октябрдагы шайлоо компартиянын беделинин түшүп кеткени айкындаган. Жакыр шайлоочулар "жүз граммга" алданып добушун сатышкан. Анткени коммунисттер шаардык кеңештин депутаттыгына 11 адамды жылдырса, бирөө гана депутаттык мандатка ээ болду. Ошону менен катар коммунисттер өздөрү да оңчулуктуу иштеген эмес. "Акча төлөбөйсүңөр" деп кыйла коммунисттер шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тартышкан. "Мен Кадырбеков үчүн эле коммунист болуп жүргөн жокмун, иштесек коммунистей иштейли, партияны сактап калалы, болбосо тарап кетели", деди Мурат Ассакунов. Мындай жүйөгө партиянын облустук аткаруу комитетинин төрагасы Муса Алыбаев да макул болуп, борбордук комитет акча каражатты чечпесе, алдыдагы шайлоого талапкерлерди жана ишенимдүү адамдарды көрсөтпөстүгүн айтты.