Болгариянын археологдору алтын кенчин таап алышты

СОФИЯ. Болгариянын археологдору мындан беш миң жыл илгери жасалган алтын буйумдарды таап алышканын жарыялашты. Өлкөнүн Улуттук музейинин башчысы Божидар Димитров табылга толугу менен ташылып бүтмөйүнчө кенчтин кай жерде экенин ачыкка чыгарбай турганын айтты. Ал тек гана сөйкө, шакек, билерик жана башка зергер буйумдарынан турган табылгага археологдор Балкан тоолорунун түштүк аймагындагы капчыгалайлдардын биринен туш болгонун белгиледи.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады.