Америкалык аскер 8 жылга кесилди

Эки күндөн бери америкалык аскер трибуналы Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндө камалгандарды кордогон америкалык аскерлердин ишин карап жатат. Кечээ айыпталып жаткандардын бири Иван Фредерик күнөөнү мойнуна алган эле. Бүгүн аны сот 8 жылга түрмөгө кести.