Европа Биримдиги Беларустагы референдумду сынга алды

Европа Биримдиги кечээ күнү Беларус референдуму тууралуу билдирүү жасады. Уюмдун айтымында, 18-октябрда откөрүлгөн шайлоо жана референдум учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгондуктан, Минск эми европалык баалулуктардан ого бетер алыстайт. Референдумдун жыйынтыгына каршылык билдиргендер кармалып, 12 адам соттолду. Оппозиция жетекчилеринин бири Анатол Лябедзканы милиция катуу сабагандыктан, ооруканага жаткырылды, анын айтымында, президент Александр Лукашенко өкмөткө кайчы пикир айткандын баарынын оозун басууда:

-Лукашенко дагы бир жолу - шайлоо же референдумду эмес, добуштарды саноону утканын гана далилдеди. Каршы пикир айткандардын оозун басуу менен ал элдик пикирден коркконун көрсөтүүдө. Кухняда сүйлөгөн сөздөрдү эл көчөдө да сүйлөбөш үчүн, ал элди катуу коркутуу аракеттерин көрүүдө.

Референдумдун жыйынтыктары боюнча, Лукашенко эми канча кааласа, ошончо жолу президент болуп шайлана алат.