Ооганстанда жаңы президент дээрлик аныкталып эле калды

Ооганстанда өткөн президентик шайлоого тиешелүү бюллетендердин жарымысы эсептелип бүттү. Алардын жыйынтыгы боюнча, алдыда дале убактылуу президент Хамид Карзай турат. Ага 61,4% шайлоочу добушун берген. Ал эми андан кийинки орунду 16,7% добушу менен Юнус Кануни ээледи. Андан ары Рашид Достум жана Мохаммед Мохакык турушат.