Республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук талкуу болду

БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын Бюджет жана финансы комитети өлкөнүн 2005-жылдагы бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Ага аткаруу бийлигинин, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алар соңку жылдары бюджеттин социалдык маселелерге бөлүнгөн каражаты барган сайын азайып бараткандыгын белгилешип, Кыргызстандагы эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүн жогорулатууну сунушташты.

Ал эми депутат Орозбек Дүйшеев Кумтөр кенинен бюджетке жеткиликтүү каражат бөлүнбөй жаткандыгын билдирди. Каржы министринин орун басары Ольга Лаврова өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акыны эки эсеге көтөрүүгө 450 миллион сом талап кылынаарын айтып, ага кыргыз өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирди. Талкуу учурунда түшкөн сунуштар топтому эми кыргыз өкмөтүнө жолдонмокчу.