Кожогелди Култегин, Ош Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстандын түштүгүндө 3 миң 800 гектардай аянтка, анын ичинде Ош облусунда 2 миң 350 гектардай аянтка пахта арбын эгилгени менен анын баасы арзан болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калууда.
Быйыл пахта былтыркыдан 15 күнгө эрте тигилип, эрте бышты, түшүмдүүлүгү да жакшы, ал тургай пахта аянты да абдан кеңейтилген. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камаловдун маалыматы:
- 15 миң 535 гектар жерге 2004-жылдын түшүмү үчүн пахта өнүмдүгү эгилген. Өткөн 2003-жылы 13 миң 183 гектарга тигилген. Демек, быйыл 2352 гектарга көптүк кылды. Үстүбүздөгү жылы 26 центнерден түшүм алганыбызда 40 миң тоннанын айланасында пахта жыйнап алабыз деген үмүтүбүз бар. Бирок баасы бизди белге тээп турат.
Пахтанын азыркы баасы боюнча Жуманазар Камалов булдарды кошумчалады:
- 10-сентябрда пахта терүү иштери башталганда 11-12 сом болчу, бир айдын ичинде пахтанын баасы болгону 3 сомго жетпеген акчага жогорулады.
Оштогу пахта заводунун, тактап айтканда, “Имотекс” корпорациясы жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору Эркинбек Чодиев дыйкандардан кабыл алынган пахтанын быйылкы баасы менен былтыркы баасын салыштырды:
-Пахтаны азыркы кезде дыйкандардан биз 14,5-15 сомдон сатып алып жатабыз. Өткөн жылдын башында биз 14 сомдон алган болсок, акырында 21 сом 50 тыйындан сатып алганбыз.
Карасуулук пахтачы Хайрулла Юлдашев пахта быйыл өзүн актай албай жаткандыгынын себебин жер семирткичтердин кымбаттыгынан да көрөт:
- Быйыл жер семирткичтери кымбат. Бир гектарга 1500 сом акча кетти.
Оштогу пахта заводунун директору Эркинбек Чодиевдин айтымында, жок дегенде Ошто текстилчи ишканасы иштеп турганда да дыйкандар мынчалык кыйналбайт эле:
- Жок дегенде алар пахтаны ташып койсо, материал катары кездеменин акчасын алса болот эле.
Ош облустук акимчилигинин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камаловдун айтышынча, пахтанын баасынын арзандыгы күздүк эгүүлөргө да таасир этүүдө:
- Азыр пахтаны дыйкандарыбыз мүмкүн болушунча коромжусуз терип-жыйнап алып, көпчүлүгү арсар болуп үйүндө кармап атат, кайра иштетүүчү заводдорго тапшырбай. Бул экономикага эле таасир этпестен, күздүк 2005-жылдын түшүмү үчүн эгинге таасир этет. Пахтаны тапшырса күйүүчү май, үрөн алмак, техниканы иштетмек.
Кыргызстанда пахта бул жолу дүйнөлүк биржалардагы баалардын таасиринен улам арзандаганы айтылууда. Эркинбек Чодиев:
- Былтыр дүйнө жүзүндө түшүмдүүлүк аз болгон. Айрыкча Кытай Республикасында, Бразилия, Африка өлкөлөрүндө былтыр пахтанын баасы жогору болгон.
Жуманазар Камалов:
- Бүткүл дүйнөлүк биржаларда дагы пахтанын баасы барган сайын төмөндөөдө. Негизги себеби өткөн жылга салыштырмалуу дүйнөдө пахтанын аянты 8 пайызга өскөн. Сапаты жакшы сорттогу пахтаны өстүрүү 28 пайызга жогорулаптыр.
Кыргызстанда пахтанын баасынын жасалма жол менен арзандатылышына негиз жоктой, анткени пахта монополиясы орун алган эмес. Союз кезинде республика боюнча үч эле пахта заводу болсо, алардын саны азыр 24кө жеткен.