Грузиядан бөлүнүп чыкканын жарыялаган, бирок көз каранды эместиги эч бир өлкө тарабынан тааныла элек аймакта – Абхазия жумуриятында кырдаал дүрбөлөңдүү бойдон кала берүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы премьер-министр, учурда Абхазиянын «Черноморэнерго» компаниясын жетектеген Сергей Багапш президенттик шайлоодо жеңип чыкканын билдирди. Ал эми башка президенттикке талапкерлер жана учурдагы президент Владислав Ардзинба болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын «жеңиш – Багапштыкы» деген бүтүмүн мыйзамсыз деп санашууда. Грузия да, Орусия да жикчил абхаз жергесиндеги окуяларды кылдат байкоого алууда.
Дүйшөмбү күнү Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 пайыздан ашуунун Сергей Багапш алды деп жарыялады. Бирок Багапштын жеңгендиги тууралуу бул чечимди кызматтан кетип жаткан президент, соңку учурларда ооруп жүргөн Владислав Ардзинба мырза: «Багапштын тарапкерлеринин кысымы астында жасалган мыйзамсыз чечим болду» деп шейшембиде сынга алды.
Кечээ, шаршембиде, президенттикке талапкер Сергей Багапш президент Ардзинбанын өкмөтүнүн БШКнын бүтүмүнө карата кайчы мамилесин аймактагы атуулдук тирешүүгө түртүү аракети катары баалай турганын «Азаттык» үчүн курган маегинде айтты:
- Менимче, Ардзинбанын билдирүүсү атуулдук согушка чакырык болуп саналат. Биз бул шайлоодо жеңип чыктык жана биздин иш-аракетибиздин баары учурдагы мыйзамдын алкагында, адилет жана туура болду. БШКнын чечими абдан эле реалдуу болду.
Багапш мырза, мындан сырткары, бейшемби күнү Сухуминин борбордук аянтында 15 миңдей киши чогулуп, БШКнын чечимин жактаган митинг өткөрөөрүн айтты.
Сергей Багапштын башкы атаандашы жана президент Ардзинба кыйыр колдоп келген саясатчы, шайлоого чейин өкмөттү башкарып келген Раул Хажимба болсо кечээ, шаршембиде, Сухумиде басма сөз жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоодо бурмалоолор арбын болду деген кинесин кайталады:
- Биздин колубузга тийген бардык кагаздардан айгинеленгендей, бурмалоолор орун алды.
Бүгүн (бейшембиде) Абхазиянын Жогорку соту Хажимбанын үч доо арызын кароого киришет. Жогорку сот гана бул шайлоодогу жаңжалга соңку чекит коюп, аймактагы саясий туруктуулукту камсыз кылаары күтүлүүдө. Эгерде Жогорку соттун чечими кайсы бир тарапты муютпасачы? Анда ансыз да коогалаңдуу кырдаал улам курчушу да ыктымалдан алыс эмес.
Грузияда болсо Багапш мырзаны, анын ашынган улутчул катары маалым болгонуна карабастан, президенттикке талапкер болгон башка абхаз саясатчыларына салыштырмалуу кыйла ийкемдүү жана аймактагы жаңжалды чечүү үчүн Тбилиси менен сүйлөшүүгө көбүрөөк ыңгайлуу саясатчы катары баалашууда.
Расмий Кремл болсо Абхаз окуяларына четтен байкоо жүргүзүүнү, эч бир талапкерге ачык жан тартпаганын айгинелетүүнү эп көрүүдө. Ал эми август айында президент Владимир Путин мурдагы абхаз премьери Хажимба менен Сочи шаарында бейрасмий жолукканда, айрым аймактык серепчилер муну Кремлдин Хажимбаны кыйыр колдогон ишаарасы катары баалашкан.