АКШ МАГАТЭнин маалыматын иликтейт

МАГАТЭ уюму БУУнун Коопсуздук кеңешине жолдогон докладында Иракта өзөктүк курал жасоого жарамдуу жабдуулар менен материалдардын жоголгонун, андан Ирактын да, АКШнын да өкмөтү кабардар эмес экенин билдирген. Кошмо Штаттардын БУУдагы элчисинин орун басары Анне Паттерсондун билдиргенине караганда, АКШ бул маалыматты ирактыктар менен бирге иликтемекчи. Ал эми МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздески кечээ буларды айтты:

-Спутниктен тартылган сүрөттөр гана эмес, биз Голландия, Иордания, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү түрдүү порттордо жүргүзгөн иликтөөлөр да ошол өзөктүк жайларда турган материлдардын көбү согуштан бери Ирактан чыгарылып, башка өлкөлөрдү көздөй жолдо табылып жатканы анык экенин көргөзүүдө.

Ирактын Илим жана технология министри Решад Омардын айтымында, өкмөт МАГАТЭнин испекторлору жоголуп кеткен жабдуулар менен материлдарды текшерүү үчүн Иракка кайтып келишин кубаттайт.