НАРЫН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевден 5-октябрда алынган маалымат боюнча 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоого добуш берүүчү жаңы 384 кабина келип, облустагы 5 районго таркатылды. 6-октябрда бардык шайлоо участкаларына жеткирилет. Добуш берүүчү жаңы кабиналардын маңдайы ачык, ыңгайлуу. «Бюллетень салуучу жаңы урналарды да күтүп жатабыз, үлгүрсөк жаңы урналарды коюшубуз мүмкүн” дейт Аманкул Молдалиев.