Келээрки айдын (октябрдын) 31инде Украинада президенттик шайлоо өткөрүлөт. Азыркы президент Леонид Кучманын тарапкери, өкмөт башчы Виктор Януковичтин негизги атаандашы – оппозициялык күчтөрдүн өкүлү Виктор Ющенко сентябрдын башында ооруп калып, Австриянын борборундагы ооруканада дарыланган. Украин оппозициясы Ющенко мырза бийликтер тарабынан атайылап ууландырылды деген кинесин айтып, ал түгүл парламентте бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок бул саясатчыны дарылаган Венадагы дарыгерлер бүгүн (шаршембиде) Ющенконун ууландырылгандыгы тууралуу жоромолдорду төгүнгө чыгарышты.
Украин оппозициясынын лидерлеринин бири, президенттикке талапкер Виктор Ющенкону (жогорудагы AFP тарткан сүрөттү караңыз) колдогон жыйындар, демонстрациялар байма-бай өтүүдө. Азыркы премьер-министр, расмий бийликтер колдоп жаткан президенттикке талапкер Виктор Янукович сентябрдын 24үндө Ивано-Франковск шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусун жаңы эле баштаганда, аны көздөй жумурткалар ыргытылып, топтолгон кишилер Ющенконун атын чакырган ураандарды кыйкырышты.
Украин оппозициясы жана көптөгөн шайлоочулар премьер-министрди азыркы президент Леонид Кучманын өз кишиси деп санашат. Алар бийликтин мыйзамдуу алмашуусуна жана демократиялык жараянды улантуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүү үчүн өкмөткө жаңы адамдар келүүгө тийиш дешүүдө.
Үстүбүздөгү айдын – сентябрдын 6сында Виктор Ющенко капысынан өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды. Аны 10-сентябрга караган түнү Венадагы «Рудолфинерхаус» деген ооруканага алып келишти. Анын ашказанына, чоң ичегисине доо кеткени маалымдалды.
Бул окуядан кийин Ющенко мырза жана анын тарапкерлери аны бийликтер атайылап ууктурууга аракет кылышты деп билдирүү жасап келишет.
21-сентябрда Ющенко украин парламентинде мындай деп чыгып сүйлөдү:
- Менин жүзүмдү карасаңыздар. Сүйлөй албай жатканымды көрсөңүздөр. Бул белгилер – менин башымдан өткөн нерселердин анча-мынчасы гана. Азык-түлүк же менин тамак ичкендеги өнөкөтүм бул окуя үчүн себепкер болгон жок. Маселе - өлкөбүздөгү саясий режим менен байланыштуу.
Соңку күндөрү украин оппозициясы веналык ооруканага да шилтеме кылып, Ющенконун атайылап ууктурулгандыгы жөнүндөгү жоромолду жаңы күч менен таркатты.
Арийне, шаршембиде, сентябрдын 29унда «Рудолфинерхаус» ооруканасы атайын билдирүү таркатты. Билдирүүдө оорукананын украин оппозициячыл саясатчысынын ууктурулгандыгы жөнүндөгү айың кептерге тийешеси жоктугу, ошондой эле, саясатчынын ууландырылгандыгы тууралуу маалымат медициналык жактан негизсиз экендиги жөнүндө баса белгиленет.
Айтмакчы, «Азаттык» үналгысы мурдатан эле бул маселе боюнча ар кыл пикирлерди чагылдырып келген. Маселен, Нью-Йорк университетинин медицина факултетинин доценти, доктор Марк Сигел (Marc Siegel) 24-сентябрда «Азаттык» үчүн маек куруп, Ющенконун маселеси вирус менен байланыштуу болсо керек деген жоромолун айткан:
- Анын саламаттыгынын жакшырып кетиши – вирустун дарылоосуз эле күчтөн тайышы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Вирусту айыктыра турган дары жок. Айрымдары сасык тумоо маалындагыдай вируска каршы эмдөөгө барышат. Бирок вирустардын көпчүлүгү өздөрү эле жашоосун түгөтөт. Демек, Ющенконун сакайып кетиши анын акырындап өз күчүн жоготкон кайсы-бир вирустук кеселге кабылганына ишаара кылып турат.
Айтор, 48 миллиондуу калкы бар пост-советтик Украина үчүн Леонид Кучмадан кийинки мамлекет башчысын иргөө маселеси октябр айынын башкы көйгөйү болууда. Шайлоочулар 25 талапкердин ар биринин сөзүнө жана ишине, алардын “алдыраарда жаздыраардай болгон” жана башка кадамдарына кылдат байкоо жүргүзүп жатканында шек жок.
Ющенконун негизги колдоочуларынын бири, мурдагы вице-премьер, оппозициячыл депутат Юлия Тимошенкону орусиялык бийликтер “1990-жылдары орусиялык аткаминерлерди паралаган” деген доо боюнча сот жообуна тартууга аракет кылып келет. 23-сентябрда Орусиянын аскердик прокуратурасы Тимошенкону камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Өз өлкөсүндө депутаттык кол тийбестикке ээ болгон менен, Тимошенко чет өлкөгө чыкса, камакка алынышы ыктымал экенин украин прокуратурасы эскертти. Ал эми украин оппозициясы бул кадамды орусиялык бийликтердин азыркы украин премьеринин президенттикке талапкердигине кыйыр колдоо көрсөтүүсү катары сынга алууда.
Азырынча Украинадагы көз каранды эмес сурамжылоолордун жыйынтыгы шайлоочулардын көбү Ющенкону колдоорун, эгерде шайлоо экинчи айлампага калса, анын атаандашы катары азыркы өкмөт башчысы Януковичтин чыгышы ыктымал экендигин көрсөтүүдө.