БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында Чүй облусундагы Москва районунун үч тургуну эки баласы менен пикетке чыгышты. Алар муну менен мамлекет башчынын коррупцияга каршы күрөшүү саясатын жергиликтүү жана борбордук башкаруу органдарындагы мамлекеттик кызматкерлер аткарбай жаткандыгына бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөштү. Пикетчилердин бири Гүлбайра Темированын айтымында, буга тартип коргоо орган кызматкерлеринин карапайым адамдардын укугун басмырлап, алардын талабын кайдыгер калтырып жаткандыгы жакшы далил. Пикетке чыккан экинчи аял Бактыгүл Сартпаева болсо Москва райондук прокуратурасынан баштап Башкы прокуратурага чейин арызданып жатып, 2003-жылы сарайын уурдап кеткен адамды жазага тарттыра албагандан улам пикетке чыгууга аргасыз болгондугун билдирди. Пикетчи Гүлбайра Темирова эгер акыйкаттыкка жетпесе өзүн өзү өрттөөгө барарын да жарыя кылды.