Саламаттык сактоо реформасы жыйынтыкталууда

БИШКЕ. Бүгүн Токмок шаарында Чүй облусундагы медицина кызматкерлеринин кеңеши болду. Ага премьер-министр Николай Танаев жана облустун бардык райондорунан келген өкүлдөр катышты. Кеңеште медицина тармагын реформалоонун буга чейинки баскычтарынын жыйынтыгы жана мындан аркы реформанын негизги багыттары талкууланды. Эртең мындай кеңеш Бишкектеги медицина кызматкерлери үчүн болуп, ага тармактын миңден ашуун өкүлү катышат. Алар да социалдык мобилизациялоо саясатынын негизинде медицина тармагында натыйжага жетишүү, кызмат көрсөтүүнүн абалын жакшыртуу жолдорун талкуулашат. Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын медицина тармагын реформалоонун буга чейинки жүрүшүн иликтеген депутаттык комиссиясы өткөн жолку сессиясында 140 миллион доллардан ашык каражаттын акыбети толук кайтпай калган деген бүтүмүн жарыя кылган.