ИНДОНЕЗИЯ: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО АДИЛЕТ ӨТКӨНДӨЙ...

Дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү – Индонезияда бүгүн, дүйшөмбүдө президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. 147 миллиондой шайлоочу тикелей шайлоо аркылуу өлкөнүн жаңы мамлекет башчысын аныктоого катышты. Шайлоонун расмий жыйынтыгы октябр айында гана билинет, бирок алдын-ала жарыяланган маалыматка караганда, учурдагы президент Мегавати Сукарнопутри айым атаандашы – мурдагы коопсуздук тармагынын жетекчиси, генерал Сусило Бамбаңг Йудхойоно мырзага жеңилип калгандай.
Индонезиядагы президенттик шайлоонун чечүүчү айлампасынын жыйынтыгын өлкөдө да, дүйнөдө да кызыгуу менен күтүшүүдө. 147 миллиондой добуштун эки жарым миллиондою гана расмий эсептелип бүттү. Азыркы алдын-ала маалыматка караганда, мурдагы генерал саналган добуштардын 58 пайызын, ал эми азыркы президент болсо – 42 пайыздай добушту алган.

Калайык пикирин сурамжылоолор да Йудхойоно озуп чыгаарын көрсөтүүдө.

Анын башкы ураандары террорчулукка жана коррупцияга каршы күрөш, экономиканы чыңдоо убадалары менен байланыштуу болду.

Президенттикке талапкер Сусило Бамбаңг Йудхойоно (Susilo Bambang Yudhoyono) эмитеден эле жеңүүчү катары сүйлөп, «кызмат бөлүштүрүү» жагын козгой баштады:

- Азыркы министрлердин ичинен Мегавати айым тарабында болбогондору менин өкмөтүмө кире алат. Менин тандоом үчүн башкы жагдайлар – кишинин жеке керт башынын тазалыгы, улутка берилгендиги, жана, албетте, кызматка талапкер катары тажрыйбасы. Азыркы министрлердин бир-экөөнү же үчөөсүн өз өкмөтүмө чакыруу тууралуу ойлонуштуруп жатам.

Расмий жыйынтык октябрдын башында гана маалым болооруна карабастан, ким жеңээрин аныктоо максатындагы алдын-ала иликтөөлөр ар кыл ыкмалар менен жүргүзүлүүдө. Маселен, баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Улуттук демократиялык институттун сурамжылоосуна караганда, жалпы добуштардын 62 пайызын Йудхойоно мырза алышы күтүлөт.

Учурдагы президент Мегавати Сукарнопутри (Megawati Sukarnoputri) айым болсо расмий жыйынтык чыгарылмайынча бир беткей бүтүмгө келүүгө эртелик кылат деген оюн дүйшөмбүдө билдирди:

- Оболу шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы кандай болоорун көрөлүчү. Менимче, иш бүтө электе эле билдирүү менен чыга калганча, күткөнүбүз дурус. Сабырдуулук кыла туралы, добуш санагынын алгачкы маалыматын саал аярлап күтө туралы.

Глин Форд (Glyn Ford) мырза Европа Биримдигинин шайлоого байкоо жүргүзүү тобунун жетекчиси. Анын оюнча, Индонезиянын ордо шаары Жакартада шайлоо өнөктүгү дурус эле өттү, бирок жалпы өлкө боюнча баа берүүгө азырынча эртелик кылат:

- Бул, чынында да, Индонезия үчүн тарыхый учур. Шайлоо өнөктүктөрүнүн жылы соңуна чыгууда. Индонезиялыктар тарыхта биринчи ирет өз мамлекет башчысын тикелей шайлады. Мен Жакартада болдум, 12-13төй шайлоо бекетин кыдырдым. Аларда эч бир бурмалоо байкалган жок. Биз азырынча ордо шаардан сырткаркы аймактардан маалымат ала элекпиз. Албетте, мындай жагдайда жалпы өлкө тууралуу тыянак айтууга али эрте.

Индонезияга таандык аралдардын ичинен киши байырлагандарынын саны - алты миңдей. Демек, алардагы шайлоонун жыйынтыгын топтогуча он чакты күндөй кетээри бышык.

Жалпысынан, быйылкы президенттик шайлоо мурдагы диктатор Сухартонун 1998-жылы бийликтен кулашынан берки учурдагы эң орчун саясий окуялардын бири болуп калды.

Бул эң ири мусулман өлкөсү 32 жыл бою Сухартонун режими астында болгон. Өлкө ушул тапта демократиялык түзүлүшкө кадам таштаган орчун реформаларды баштан кечирүүдө.