Ысыккөл форуму болот

БИШКЕК. 18-сентябрдан жыйырма экисине чейин Ысыккөлдө «Борбор Азиянын маданий саясаты жана глобализация маселелери» аттуу форум болот. Үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан бул жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринен тышкары Германия, Венгрия, Монголиянын философтору, маданият иликтөөчүлөрү жана маданият тармактарынын адистери катышат. Анда маданият саясаты, Борбор Азиянын маданий мурастарынын ар кылдыгы боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Форумдун максаты - глобализация доорунда улуттук маданий мурастарды сактоо жана бул багытта жарандык коом менен өкмөттүн өз ара алакасын тактоо. Андан тышкары чөлкөмдөгү маданий мурастар менен дүйнөлүк маданияттын бири-бирине тийгизген таасири жөнүндө сөз болот. Форум баш кеңсеси Будапештте жайгашкан "Ачык коом институтунун" көмөгү менен өткөрүлмөкчү.