Алиевдин өлүмүнө катышы бар деген шек менен даражалуу кызматкер кармалды

БИШКЕК. «АКИпресс» агенттигинин аты аталбаган маалымат булагына таянып тараткан маалыматына караганда, ички иштер министрлигинин милициянын полковниги Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катышты деп шектелген жогорку даражалуу кызматкери жакында камакка алынды. Шектүү кызматкерди камоо жөнүндө Башкы прокуратура санкция берген. Камалган кызматкер азыр анын өмүрүн коопсуз кармоо максатында Улутттук коопсуздук кызматында кармалып турат. Ал эми түзөтүү колониялар башкармалыгынын убактылуу абагында өлтүрүүгө катышты деп шектелген дагы башка адамдар кармалып турушат.

Полковник Чыныбек Алиев 5-майда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмү боюнча иликтөөнү ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.