КЫРГЫЗ-ЧЕХ ИШКЕРЛЕРИНИН АЛАКАСЫ

Жума күнү Бишкекте Кыргызстан менен Чехиянын ишкерлери катышкан бизнес-форум болду. Анда эки мамлекеттин ишкерлеринин катнашын өркүндөтүү маселеси талкууланды. Бирок эки тараптын тең өкүлдөрү алаканы арттыруу үчүн алдыда тоскоолдуктар али арбын экендигин белгилешти.
Бизнес-форумга Чехиянын президенти Вацлав Клаус, Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган бир катар министрлер, ишкерлер жана Чехиянын 17 ири ишкана, компанияларынын жетекчилери катышты. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин айтымында, өлкөдө Чехиянын ишкерлери аракет кыла турган тармактар жана мүмкүнчүлүктөр арбын. Бирок эки тараптын ишкерлери тең ал мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай жатат. Ошондуктан, кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү сунуш кылды:

- Натыйжалуу жана иштиктүү кызматташуу үчүн соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-чех өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнү сунуш кылабыз. Андан тышкары кыргыз-чех ишкер кеңешин түзүү зарыл. Ошондо эки өлкөнүн ишкерлери менен адистери абалды иликтеп, эки тарапка тең пайда алып келе тургандай сунуштарды айтат деп ишенем.

Ал эми Чехиянын президенти Вацлав Клаус Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен сүйлөшүү маалында ишкерликти өркүндөтүү үчүн эки маанилүү келишимди кабыл алуу зарыл деген чечимге келишкендигин кабарлады:

- Биз президент Аскар Акаев экөөбүз азыр биздин мамлекеттерибиздин ортосунда эң маанилүү келишимди даярдоо зарыл деген чечимге келдик. Анын бири - инвестицияны колдоо жана коргоо. Экинчиси - кош салыктан качуу жөнүндөгү келишим. Бул эки келишим ишкерлик катнашты өркүндөтүүгө жол ача турган эң маанилүү документ. Ошон үчүн биздин министрликтер бул документтердин долбоорун даярдай турган болушту.

Ал эми Чехиялык ишкерлер Кыргызстандагы абал менен таанышкандан кийин кызматташуу үчүн негизги төрт шарт, тактап айтканда, эң ириде каражат, аны коргой турган өкмөттүн кепилдиги, долбоорду ишке ашырууга абдан кызыкдар өнөктөш жана долбоорго зарыл каражатты бере турган туруктуу банк системасы зарыл экендигин билдиришти.

Чехиядагы «Азас инвест» аттуу уюмдун башкы директору Петр Квиектин айтымында, ал Кыргызстанга зарыл мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү долбоорун түзүү максаты менен келген. Бирок каражат бере турган туруктуу банк менен долбоорду коргоого ала турган өкмөттүн кепилдигинин жоктугу аны кооптонтуп турат. Ушундан улам чехиялык ишкерлер өкмөттүн кепилдигин талап кылышты. Ага Кыргызстандын Чехиядагы соода боюнча өкүлү Жанат Бейшеновдун жообу төмөнкүчө болду:

- Кыргыз өкмөтү коммерциялык долбоорлорго өз кепилдигин бербейт. Ошон үчүн ишкерлер түздөн-түз иштешүүсү жакшы. Кыргыз ишкерлери долбоорду түзөөрдөн мурун кандай кепилдик берерин алдын-ала ойлонуусу зарыл. Чехиялык ишкерлер үчүн экспорттук мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын ишеними абдан маанилүү. Тилекке каршы, бул компаниянын талабына Кыргызстандагы бир дагы банк туруштук бере албайт. Ошон үчүн эки тараптын ишкерлери тобокелге барышы керек ,- деп иштин жагдайын түшүндүрдү.

Ушундан улам Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Зулкайнар Бакиев чехиялык ишкерлердин Кыргызстанда иштей башташына күмөн:

- Эгерде булар ойлорун ишке ашырам десе элден мурун завод-фабрикаларды көрүш керек болчу. Себеп дегенде, инвестор ошондон кийин гана иштээрин же иштебесин чечет. Дүйнөдө азыр бирөө кепил болсун деген практика жок. Кепил болсо ар бир адам ишкерликке барат. Кепил деген сөз - акчасы эч жакка кетпейт деген сөз да! Иштеш үчүн анча-мынча акчасын салыш керек да…

Сүрөттө: президенттер Акаев менен Клаус ишкерлерге жардам бере алабы?