А.Эркебаев өкмөттүн дооматы негизсиз деп билдирди

БИШКЕК. “Республикадагы газ жана электр тармагын менчиктештирүү багытындагы мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл албай жатат” деген өкмөттүн дооматы негизсиз деген пикирин палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен менен 23-августтагы жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, газ жана электр тармагын менчиктештирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорун кароо мыйзам чыгаруу жыйынынын планына жыл башында эле киргизилген. Бирок аталган тармактар боюнча жоопту кызматкерлердин жыйынга катышпагандыгынан жана буга байланыштуу толук маалыматтар берилбегендиктен мыйзам долбоорлорун кароо артка жылдырылып келген. Төрага бул маселелер боюнча мамлекет башчысына жана премьер-министрге кат жолдогонун Тапио Саавалайненге маалымдады.
Газ жана электр тармагын менчиктештирүүгө байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны күзгү отурумунда талкууга коёт. Бул тууралуу аталган палатанын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.