Кечээ жарыяланган жаңы докладында эл аралык уюм кыргыз коомчулугу жана саясий чөйрөнүн басымдуу бөлүгү алдыдагы президенттик шайлоодо көз боемочулукка жол берилсе, демократияны артка тартчу башаламан аракеттерге барышы ыктымал деп белгилейт. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан эл аралык кризис тобу А.Акаев өзү айткандай, конституцияны урматтап, бийлигин өткөрүп берсе, ал Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия чөлкөмү үчүн тарыхый көрүнүш болмок деген пикирде.