Мажарстандын бийликтери өлкөнүн чыгыш аймактарында тынбай жааган жамгырдын кесепетинен селдин коркунучу пайда болгондуктан, 100дөй кишини башка жактарга шашылыш көчүрүштү. Өткөн түнү кээ бир жерлерде башталган суу ташкыны 3 үйдү уратып, дагы 100дөн ашуун үйгө коркунуч келтирген. Ушундай эле суу ташкындары өткөн жумада коңшулаш Словакия менен Румынияга залал келтирген.