Көпчүлүк батыштыктар исламды эркек жана аялдар ортосундагы теңсиздикти ташбыйкаттаган дин катары ойлошот. Ошон үчүн Батыштын мусулманчылыкка өткөн тарса аялдарына таң калышып, “Эмне үчүн эркин коомдо өскөн билимдүү аял эркектерге көп аял алууга уруксат берген ислам динине өтүшүп, башынан аягына чейин оронуп-чулганып жашай башташат?” деген сыяктуу суроолорду коюшат. Айрым аялдар күйөөгө чыгуунун амалын издеп, бөтөн динге өтөт дегендер да бар.
Ирландиялык Батол ат-Тома ислам динин чейрек кылым мурда кабыл алган. Ислам ибадаттарын пакиза кармаган бул аял ”Эркин Европа/Азаттык” радиосунун талдоочусу Катлин Нокс айымга өзүнүн ислам динине өтүүсүн мындайча түшүндүрөт:
- Мен Ирландияда ыймандуу жана адептүү католик үй-бүлөсүндө тарбиялангам. Өсүпүрүм кезимден тартып 20 жаштан эми ашкан курагыма чейин католик дининин ибадаттарын аткарып жүрүп, христианчылыкка байланыштуу айрым диний маселелерди түшүнө албай кыйналгам. Ошо учурда мен мусулмандар менен жолугушуп калып, алар мени ислам менен тааныштырышты. Иш жүзүндө алар менин өтүнүчүм боюнча алардын мамилелерине жана жүрүм-турумуна болгон кызыгуумдан улам, мени мусулманчылык менен тааныштырышты. Мен ошондон кийин исламга бүт дилим менен берилип кеттим.
Ат-Тома айымдын айтышынча, ислам дини адамдарды өзүнүн логикалык бүтүндүгү менен кызыктырат; өзүнүн да ислам жолуна түшүүсүнө, анын жоболорунун жөнөкөйлүгү өбөлгө болгон:
- Мен өзүмдүн ишенимимди, түшүнүгүмдү жана диний көз карашымды башка адамдарга акылга сыйгандай рационалдуу жолдор менен айтып түшүндүрө алганым, ибадаттарды жана ар бир нерсени ыйманыма ылайык жасоо мүмкүндүгү - менин исламга келүүмө таасир эткени чындык. Мен Исаны Алланын пайгамбары катары таанып, анын вазийпасын акыл-эстүү түшүнө баштадым.
Шотландиянын Глазгов универститинин ислам таануучусу Никол Бурк айым мусулманчылыкты тутуна баштаган тарсалар жөнүндө так маалыматтар болбогону менен, исламга эркектерге караганда аялдар көп өтүп жатканына токтолот:
- Мен коомдогу бул кубулуш тууралуу өзүм окуткан студенттерге айтып бергенимде, алардын баары эле: “Аа, бул аялдар күйөөгө чыгуу үчүн ислам динин кабыл алышса керек”, деген жаңылыш пикирлерин айтышты. Жарык дүйнөгө келгенде энчиңде болгон диниң купулуңа толбой калган шартта, ошондой эле башка диндеги адам менен чогуу жашасаң, сенин ошол адамдын динин үйрөнөөрүң калетсиз. Бул адамдардын башка динге өтүүсүнүн негизги себеби. Мен күйөөсүнө караганда динге көп берилген кээ бир аялдарды билем. Алар исламды кайын туугандары менен жакшы мамиледе болуу үчүн үйрөнүшүп, кийин ага дитин коюп, биротоло баш байлап кетишкен.
Ислам таанучу андан ары сөздү улап, эркин өсүп чоңойгон европалык аялдардын тартиби катаал эсептелген ислам динине өтүүсү, аялдар укуктук жактан эркектерден кем болушпаганы менен, аял катары назик мамилеге муктаж экенин көрсөтөт дейт Никол Бурк:
-Ал аялдардын айтымында, ислам дининде аял киши Батыш маданиятына салыштырганда көп урматталат. Бир аялдын: “Мен мусулман болгонумча мусулман аялдын денеси өтө урматтала турганын билбептирмин”,- деп айтканын укканмын. Эркектердин бөтөн аялдарга көз артуусу исламда жактырылбайт. Батышта аял эркектин ышкысын канааттандыруучу зат катары пайдаланылат. Эгер сиз машине сатсаңыз, жылаңач аялды анын үстүнө отургузуп коесуз.
Адистердин байкашынча жана турмуш көрсөткөндөй, арийне, жаңы динге өтүү кээде көп кыйынчылыктар менен коштолуусу мүмкүн. Адеп уул же кызынын өз динин чанып кеткенин көргөн ата-эне кыжаалатка батат. Бирок исламдын ата-эненин урматтоого чоң маани бергенине көздөрү жетип, баласынын да улууларга болгон мамилеси өзгөргөнүн көрүшкөндөн кийин алар жумшарат. Анткен менен, Бурк айымдын айтышынча, жалпы коомчулук башка динге өтүүнү көп жактыра беришпейт.
Скандинав өлкөлөрүндө да аялдар арасында ислам динин кабыл алгандар көп. Айрыкча, Скандинавияга биринчи муунда келген мигранттарга эрге тийген аялдар, норвегиялык илимпоз Анна-София Роалддын сөзүнчө, күйөөлөрүн жаңы коомго камыр-жумур аралышып жашоосун жеңилдеткен:
-Алгач келген биринчи муун көпчүлүк учурда тилди жакшы билишкен эмес. Алар кооомдо өздөрүн кантип алып жүрүүнү, скандинавиялыктарга оюн, жакшы мамилелерин билдиргенди айрым убактарда билишпеген. Мындай жагдайда динин өзгөрткөн адамдар жуучу аял сыңары ортомчунун ролун ойношкон. Айрым скандинав эркектерди айтпаганда, басма сөзгө, радиого, телеберүүгө чыгып, ислам жана мусулмандар жөнүндө узун сабак дарс окугундардын көбү аялдар.